www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалды БАЭге чыгарып кеткен 14 миллион доллар өлкөнүн бюджетине кайтарылды. Бул тууралуу Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги маалымдайт.
"Ишкер Кайрат Сатыбалды жана башка адамдарга карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын алкагында өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган мүлктөр, кылмыш жолу менен алынган акчаларды жана мүлктөрдү кайтарып алуу чаралары жүрүп жатат.
14 миллион доллар мамлекеттин кирешесине алынды жана социалдык максаттарга жумшалат", - делет агенттиктин маалыматында.
Кайрат Сатыбалдыга жана аны менен байланышкан адамдарга кылмыш иши козголгондон бери мамлекетке 1 миллиард 38 миллион доллар каражат кайтарылган. Аларга административдик имараттар, эксклюзивдүү зер буюмдар, кымбат баалуу унаалар, накталай акчалар, компаниялардын акциялары ошондой эле темир жолдор кирет.
2022-жылы 26-сентябрда борбор калаанын сотунун чечими менен Кайрат Сатыбалды алдамчылык жолу менен мүлктүк зыян келтиргени жана башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алганы үчүн 6 жылга эркинен ажыратылган.
Булак:NazarNews.kg