www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалганын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

«Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Операция ийгиликтүү аяктады. Биринчи президенттин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди Айдос Укибай Twitter баракчасына.

Анын айтымында, операция Улуттук илимий кардиохирургия борборунда белгилүү кардиохирург Юрий Пянын жетекчилиги астында жасалган.

Буга чейин казак медиа менеджери Александр Аксютиц өз булактарына таянып, 82 жаштагы Назарбаев борбордогу клиникалардын бирине кардиологиялык текшерүүгө жеткирилгенин, операция жасалышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости