www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жарандар Instagram социалдык тармагына караганда "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумуна көбүрөөк кирүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жарандардын тутумга кирүүсүнө “Түндүк” аркылуу санарип форматта жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдар боюнча маалымат берилип жатканы себеп болгон.

“Жарандар массалык түрдө айыппулдары бар-жоктугун билүү үчүн системага кире баштады. Трафик көрсөткөндөй, ”Түндүк” тутумуна кирүү көрсөткүчү Instagram`га кирүүгө караганда жогору болууда”, - деп белгиледи Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости