www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарга алардын денеси кол тийгис экенин үйрөтүү зарыл. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Ар кандай тартип бузуу же ур-токмокко алуу, балдарга карата зордук-зомбулук кылмыш болуп эсептелет жана мыйзам тарабынан жазаланат.
«Ата-энелер жашаган жеринде жумуш жоктугуна байланыштуу миграциялап, балдарын таштоого арасыз болушат. Баласын таштап кетип жатып, баары жакшы болот деп ойлошот. Ал үчүн “ишеним кат” институтун киргизишибиз керек, башкача айтканда, ата-энелер кетээр алдында баласы үчүн мыйзамдуу түрдө жооп берирүүгө баласын сөзсүз түрдө нотариус аркылуу тууганына каттатып коюшу керек. Ал эмне бере алат? Бул нотариустун балдарды коргоо боюнча социалдык кызматкерлерге баланын ата-энесиз калгандыгы жана өзгөчө коргоого жана көңүл бурууга муктаждыгы жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында жөнөтүү мүмкүнчүлүгү. Социалдык кызматкерлер бул үй-бүлөнү көзөмөлгө алышмак. Тилекке каршы, бизде мунун бири да жок. Кептин баары Финансы министрлигинде. Себеби, Кыргызстанда балдарды жана аялдарды үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо үчүн 700 социалдык кызматкер керек болсо, социалдык кызматкерлерге каражат бөлүү маселесин көтөргөн сайын, бюджетте акча жок деп айтышат. Ар бир 3000 балага 1 социалдык кызматкер керектелет.
Бирок, Жогорку Кеңеште башка мыйзамдар колдоого алынып, аларды ишке ашырууга өлкөнүн бюджетинен эбегейсиз чоң каражаттар жумшалып жатканын көрүп жатабыз. Бирок балдарга, аялдарга келгенде акчабыз жок дешет. Азыр балдар зордук-зомбулукка кабылып, өлтүрүлүп жаткандыктан, балдардын өмүрүн эч кандай акча менен толтуруу мүмкүн эмес деп ойлойм. Өкмөт ар бир баланын коопсуздугун камсыздоого болгон мамилени гумандаштырууга тийиш. Анын үстүнө, биздин бардык балдар дене жазасынан бошотулушу абдан маанилүү. Чоңдор балага кыйкырып, зордук-зомбулук көрсөтүүнү кадыресе көрүнүш деп эсептесе, анда балдардын аң-сезиминде мүмкүнчүлүктөр талаасы кеңейет, бала жардам сурабайт. Биз муну өзгөртүүбүз керек. Бул системалуу окутуу аркылуу гана мүмкүн. Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдарга алардын денеси кол тийгис экенин үйрөтүү зарыл. Ар кандай тартип бузуу же ур-токмокко алуу, балдарга карата зордук-зомбулук кылмыш болуп эсептелет жана мыйзам тарабынан жазаланат. Албетте, балдарды уюлдук телефондор аркылуу SOS баскычын басып, жакындарынан жардам алгыдай кылып үйрөтүү керек», - дейт Назгүл Турдубекова.
Булак: NazarNews.kg