www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленский менен Блинкен Киевде жолугушту

Бейшемби күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевде жолугушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Энтони Блинкен Украинага 675 миллион долларлык аскердик жардам берилерин билдирди. Буга чейин АКШ украин армиясын HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системасы үчүн снаряддарды, автоунааларды жана башка аскердик техника жөнөтөрү кабарланган.

Энтони Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2,2 миллиард доллар аскердик жардам берүү боюнча Конгресске сунуш киргизилерин, бул ишке ашса Жо Байдендин администрациясынын тушунда АКШнын Украинага жалпы аскердик жардамы болжол менен 15,2 миллиард долларга жетерин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Украинага күтүүсүз барды. Буга чейин анын Киевге сапары тууралуу эки тарап тең маалымат берген эмес.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости