www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан кетип, ордуна "мэрдин милдетин аткаруучулук милдетин Эрмек Нургазиев аркалайт" деген маалымат тарагандан бери социалдык тармак дүрбөлөңгө түштү.
--“Эл журт! Бишкек шаарына Эрмек Нургазиев мэр болуп келет экен дегенди угуп, төбө чачыбыз тик туруп атат. 400 дөн ашуун карапайым элди сызга отургузуп кеткен адам кантип мэр болот?!
Урматтуу, Садыр Нургожоевич, Сиз эл үчүн күйүп, элдин тагдырына кайдыгер карабай, жан үрөп иштеп жүрөсүз. Эрмек Нургазиевден менин жолдошум Кубанычбек Жусупов 2017-ж 12-майда Бишкек шаары, Ажыбек баатыр д.1/1ден, жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн, бир бөлмөлүү 34,15м2 жерди, бир миллион жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш алты (1 137 376,00) сомго сатып алганбыз. Эрмек Нургазиевдин колуна нак эсептеп бергенбиз. Бухгалтериядан келишим түзүлүп, Эрмек Нургазиевдин бухгалтери кол койгон. Москва шаарында күнү-түнү ичпей, жебей "квартиралуу болуп калалы" деп акчасын топтоп, бизге жиберген күйөө балабыз Таалайбек Жаныш Уулуна сатып бердик эле. Таалай атасыз чоңойгон, апакесинин жалгыз уулу. Эки баласы менен квартиралап жүрүшөт Москвада. Ушул күнгө чейин же квартирадан жок, же акчадан жок, бөөдө убалына калтырып, Эрмек жүрөт жер тепкилеп депутат болом деп, эми мэр болобу? Канча жолу жакшы да айттык, ыйлап да сурандык, урушуп да көрдүк. Бул эч кимди тоготпогон, эч кимди укпаган, карапайым элдин мээнетин жеген Эрмек Нургазиевге чара көрчүүлөр барбы?! Аял, дольщиктердин укугун коргогон адвокат Ольга Новохатскаяны жаактан ары бир чаап, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, моюнга албай жүрөт.
Ушул маселебизди чечип бергенге профессионал адвокаттар, прокурорлор, журналисттер, өкмөттө иштеген жетекчилер, УКМКнын кызматкерлери баарыңардан суранам, жардам бериңиздер. Арыз жазып кайрылууга бүт документтер даяр. Ачык айтып, ак күрөшпөсөк бул тоготчудай эмес. Калпы, шылтоосу көп, өтө куу адам Эрмек Нургазиев! Ал абийир алып келбейт, башыңардан ылдый суу куят!
Эрмек мырза, эсиңизде болсун коркутуп, үркүтүү азыр мода эмес! Ортого кишилериңди салып бечара көрүнбөгүн "дольщикмин мени да, алдашты" деп. “Альянс” курулуш менен маселеңди өзүң чеч. Бул жетим баланын убалына калбай, алган акчаны жакшына кайтарып берип кой! Урматтуу журналисттер ушул ишти аягына чейин бүтүрүүгө жардам бериңиздер! Келечекке болгон үмүтүбүздү өчүрбөңүз, урматтуу Президент”, - деп Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады Назгүл Насиева.
Эске сала кетсек, 44 жаштагы Нургазиев, "Эмма Курулуш" курулуш компаниясын негиздеп, аны жетектейт. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын 48 номери менен тизмесинде орун алган.
Кызыгы, кызматка келбей жатып, шымы шыпырылып, “оп-па” деп мэриянын астанасын аттабай туруп президентке арыз түштү. Эртеңден баштап социалдык тармакта “шапалак шайтан” Эрмек элдерге “эрмек” болот сыягы.
Булак: NazarNews.kg