www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары биринчи айым Айгүл Жапарованын Түркияга кийип барган жарашыктуу көйнөгүн талкуулап жатышат. Айрыкча кыргызстандыктарды Баткен аймагынын символу болгон Айгүл гүлүнүн биринчи айымдын көйнөгүнө түшүрүлүшү таасирлентти көрүнөт.

“Фейсбуктун” колдонуучулары "жарашыктуу, сонун образ экен", "Баткенде өскөн Айгүл гүлү биринчи айымдын кийген кийимине түшүрүлүптүр, абдан сонун" дешсе, айрымдары "биринчи айым адаттагыдай эле укмуш көрүнөт. Ушундай көйнөк кийет белең?" суроо узаткан.

Айгүл Жапарова президентти Түркияга болгон расмий сапарында коштоп кеткен.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Ал тоо Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын апрель айынын баштарында Айгүл алгачкы гүлдөрүн ачат. Он экинчи апрелден тарта Айгүл гүлүнүн баары гүлдөп баштап, ал эки жумага гана созулат.

Белгилей кетсек, "Айгүл-Таш" мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде аты аталган, дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости