www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Некролог — Майрамкан Абылкасымова

Сексен беш жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымова узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайтты. Президенттин администрациясы маркумдун некрологун жарыялады.

М.Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылында туулган. 1950-жылы айылдык жети жылдык мектепти аяктагандан кийин Кыргыз кыз-келиндер мугалимдер институтунун педагогикалык окуу жайына тапшырган. 1958-жылы В.В.Маяковский институтун (азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) аяктаган.

1958-1960-жылдары Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, 1960-1962-жылдары Ош педагогикалык институтунда мугалим кызматын аркалап, 1962-1970-жылдары “Ала-Тоо” көркөм-адабий журналынын редакциясында иштеген. 1964-жылы СССРдин Жазуучулар союзуна, 1970-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1970-1972-жылдары Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча консультанты болгон. Андан кийин ал “Ала-Тоо” журналынын редакциясына кайтып келип, 20 жыл бою (1972-жылдан 1992-жылга чейин) поэзия бөлүмүн жетектеген. Андан соң апталык “Асылзат” гезитинин редактору болгон.

М.Абылкасымова басма ишин 1952-жылы баштаган. 1961-жылы басылып чыккан “Кичинекей досторго” поэзия жыйнагы дебют болгон. 1970-жылы “Эстелик сүйлөйт” поэмасы жана “Ишеним дайым жүрөктө” жыйнагы үчүн Ленин комсомолунун Бүткүл союздук сыйлыгына татыктуу болгон. 1980-жылы Кыргыз ССРинин эл акыны наамын алган. 1984-жылы “Гүлдөр суу сурайт” ырлар жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.

Анын көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, болгар, моңгол, немис, поляк, француз тилдерине которулган. Көп жылдар бою адабий чыгармачылык жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Каарман эмгеги үчүн” медалы, “Тынчтыкты коргоого” күмүш медалы менен жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Украин ССРинин, Кыргызстан ЛКСМ Борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн М.Абылкасымова Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

С.Н. Жапаров, А.У. Жапаров, Э.Ж. Байсалов, С.С. Касмамбетов, А.К. Жаманкулов, Г.Дж. Байтерек, Г.С. Молдобекова, К.О. Иманалиев, С.А. Аманова, И.А. Балташев, М.А. Бектеналиев, С.А. Раев, М. Байджиев, М. Шеримкулов, Т.Т. Казаков, М.А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н.О. Калыбеков, О. Султанов, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К.Жусубалиев, С.Станалиев, А.Омурканов, Ш. Дуйшеев, М.Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, С. Суслова, Т. Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов, М.У. Алышбаев, К.Ы. Турапов, К.А. Осмонов, С. Жетимишев, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, Т. Закирова, А. Жакшылыков, А.Д. Султанбаев, А.А. Акматалиев, Т. Чокиев, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, К. Сартбаева, Г. Базаров, У. Полотов, Г. Мамашева, Г. Момушева, А.А. Озубеков, Е.Ю. Кузнецов, А.К. Тиленбаев, А. Болгонбаев.

Майрамкан Абылкасымов менен коштошуу 18-октябрда саат 10до Опера жана балет театрында өтөт.

Последние новости