www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун аймагында 5-августтан тартып “Нелегал” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери облуста окуп, иштеп же башка максаттар менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында болуу тартибин жана мыйзам талаптарын сактоосун текшерүүдө.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 94-беренесинде каралган — чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын Кыргызстанда эмгек ишин жүргүзүү эрежелерин бузуу фактысы боюнча 10 жаранга протокол түзүлдү. Алардын ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар эмгектенген мекемелерге барып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын түшүндүрүшүүдө.
Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга ар кандай деструктивдүү күчтөрдүн чагымчылдыгына алдырбоо жана көйгөйлүү жагдайлар жаралган учурда ички иштер органдарына кайрылуу керектиги эскертилди.
“Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы Ош облусунун аймагында улантылууда.