www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун абалы тууралуу ар кандай божомолдор айрым маалымат каражаттарында тарай баштады. Бул тууралуу ирандык Tasnim маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мурдагы америкалык чалгын кызматкери Скотт Риттер Ирандын акыркы соккулары Израилдеги жогорку даражалуу саясатчылардын үйлөрүн бутага алганын билдирген. Анын айтымында, соккулардын бири Нетаньяхунун резиденциясына тийген болушу мүмкүн. Риттер ошондой эле бул окуяда премьер-министрдин бир тууганы каза болгонун айткан. Бирок бул маалымат расмий булактар тарабынан тастыктала элек. 

Мындан тышкары, Иран тараптын чабуулдары Израилдин Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин үйүнө да багытталган болушу мүмкүн экени айтылууда. Айрым билдирүүлөрдө ал оор жаракат алганы тууралуу маалыматтар бар. Бирок анын учурдагы абалы боюнча так жана бирдей маалымат жок.

Tasnim агенттиги белгилегендей, Нетаньяхунун тагдыры тууралуу божомолдорго бир катар жагдайлар себеп болууда. Мисалы, премьер-министрдин жеке социалдык тармактарындагы акыркы видеокайрылуусу үч күн мурун жарыяланган, ал эми акыркы сүрөттөрү төрт күн мурда чыккан. Ошондон бери анын атынан негизинен тексттик билдирүүлөр гана жарыяланып жатканы байкалууда.

Буга чейин Нетаньяху дээрлик күн сайын, кээде бир күндө бир нече жолу видео билдирүүлөрдү чыгарып турганы айтылат. Акыркы күндөрү видеолордун чыкпай калышы коомчулук арасында түрдүү божомолдорду күчөттү.

Айрым Израилдик булактар премьер-министрдин резиденциясынын айланасында коопсуздук чаралары, айрыкча дрондорго каршы коргонуу системалары күчөтүлгөнүн да кабарлашууда.

Ошондой эле АКШ президентинин күйөө баласы Жаред Кушнердин жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Израилге пландалган сапары да токтотулганы айтылууда. Мындан сырткары, Франция президенти Эммануэль Макрон менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат тараган, бирок сүйлөшүүнүн так кайсы күнү болгону ачык айтылган эмес.

Азырынча бул маалыматтардын баары расмий түрдө тастыктала элек жана Израил бийлиги тарабынан комментарий берилген жок.

Последние новости