www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бундестаг мамлекеттик структуралардын кызматкерлерине жумуш убагында бетти толук жапкан никаба же паранжа кийип жүрүүгө тыюу салды. Бул чара Германияда жарандык кызматкерлерге, сотторго жана жоокерлерге бетин жапкан кийим кийүүгө уруксат бербейт.

Ошол эле учурда кээ партиялар Франция жана башка бир нече өлкөлөр сыяктуу коомдук жерлерде никабачан жүрүүгө тыюу салууга чакырышты. 2016-жылдын декабрында ФРГнын канцлери Ангела Меркель өлкөдө никаба менен паранжа кийип жүрүүгө тыюу салууну көтөрүп чыккан эле.

Эссендеги Христиандык-демократиялуу биримдиги париясынын съезддинде сүйлөп жатып, Меркель мындай кийимди укуктук көз караштагы бардык жерде тыюу салууга чакырган. “Бул биздики эмес, бизде бет менен бүт денени жаап жүрүү болгон эмес” деген ошондо канцлер. 

2011-жылы Франция коомдук жайларда паранжа менен бетти жаап жүргөн кийимдерге европалык өлкөлөрдөн биринчи болуп тыюу салган эле. 2016-жылы сентябрда ушул сыяктуу мыйзам долбоорун Швейцариянын парламенти кабыл алган. 2017-жылы Австриянын башкаруучу коалициясы да Франция кабыл алган мыйзам долбоорун сунуштаганын k-news сайты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости