www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткарууулар дагы бир аялдын сөөгүн (аты-жөнү такталууда) табышты.

Белгилей кетсек, буга чейин жети адам каза болгону белгилүү болгон, алардын арасында эки аял бар, калгандары 2008, 2012, 2013 жана 2016-жылы туулган өспүрүмдөр болгон.

ӨКМ дагы эки адамды издөө иштери уланып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендикте, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калган. Күн мурун ал жактан жалпы 1400гө жакын адам эвакуацияланды.

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
1008
02.07.2024 13:11