www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен каза болгондордун арасында Казакстандын жашы жете элек жарандары бар экенин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, буга чейин эки баланын сөөгү табылган, дагы экөөнү издөө иштери жүрүп жатат.

"Казак дипломаттары жергиликтүү бийлик менен дайыма байланышта. Биздин Кыргызстандагы элчилигибиз каза болгон балдардын жакындарына бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатат. Бул трагедия Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Мурат Нуртлеу менен Кыргызстан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдын жагдайлары жана эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттешүүсү белгиленди.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 адамга жетти.

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
1178
02.07.2024 13:11