www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен районунда социалдык шаарча курулат

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында социалдык шаарча курулат. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

100 батирден турган 25 турак үйдүн пайдубалын түптөөгө Өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев , «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана башка бир катар адамдар катышты. 3 гектар аянтты ээлеген шаарчада турак үйлөрдөн сырткары 100 орундуу тигүү цехи, фелдшердик-акушердик пункт, мечит, дүкөн, спорт аянтчасы да кошо курулат. Курулушту аяктоо ушул жылдын октябрь айына пландалган.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук бирикмесинин каржылоосунда салынып жаткан турак үй өзгөчө камкордукка муктаж көп балалуу жалгыз бой же жесир энелерге берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости