www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад курортунда массалык ишембилик өтүүдө

Бүгүн 17-апрелде Жалал-Абад курортунун аймагын таштандылардан арылтуу максатында массалык ишембилик өтүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ишембиликке облустагы мекеме, ишканалар менен катар Жалал-Абад ОИИБинин, Жалал-Абад ШИИБинин, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Жалал-Абад ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышууда.

"Курорт аймагы Жалал-Абад облусундагы кооз жерлердин бири экендигин белгилеп, жаратылышка аяр мамиле жасоо зарылдыгын айтылды" деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости