www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен райондук соту жергиликтүү тургунду КР Кылмыш-жаза кодексинин (Энесинин жаңы төрөлгөн ымыркайын өлтүрүүгө аракет кылуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 32 жаштагы С.М. ажатканада төрөп, андан кийин ымыркайды чуңкурга таштап кеткен. Жаңы төрөлгөн ымыркайды айыпталуучулардын жакындары сактап калышкан.

"Эксперттин корутундусуна караганда, аял кош бойлуулуктун 38-39 жумалыгында төрөгөн, баланын салмагы 3 килограмм 540 граммды түзгөн. Жаңы төрөлгөн баланын бутунун териси бир аз сыйрылып калганы аныкталган. Бирок эч кандай оор жаракат алган эмес. Соттолуучудан психикалык оорунун белгилери байкалган эмес. Соттун жүрүшүндө ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Айыпталуучу жакындарынын үйүнө конокко келгенин, дааратканага барып ыйынганда баланын башы көрүнгөнүн айткан. Ал төрөттү алдын алгычакты бала тешикке түшүп кеткен. Соттолуучу бала ыйлабагандыктан чарчап калган деп ойлогонун билдирген. Соттолуучу эмне кыларын билбей ажатканадан чыгып кеткен. Бир канча убакыттан кийин үйгө эжеси кирип, ажатканада ымыркай ыйлап жатканын айткан. Жаңы төрөлгөн ымыркайды кошуналарынын жардамы менен алып чыгышкан. С.М. жеңил жаза берүүнү жана анын дагы үч кызы бар экенин эске алууну суранган", — деп айтылат өкүмдө.

Белгилүү болгондой, аялдын күйөөсү Орусияга жашайт. Азыр бала апасынын жанында.

Жыйынтыгында сот аны бир жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews,kg 

 

Последние новости