www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новиков  Асел Чынбаеваны жамаатына тааныштырды

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Асел Чынбаеваны тааныштырды.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Артем Новиков өз сөзүндө Асел Чынбаеваны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Новиков өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Юстиция министрлиги ченем жаратуу, эксперттик иште гана ыйгарым укутарга ээ болгон ведомство катары эмес, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын өз ара аракеттенүү саясатын түзө турган кенен ыйгарым укуктарга ээ болгон негизги борбордук орган болот деп белгиледи.

Юстиция министри Асел Чынбаева биринчи вице-премьер-министрге ыраазычылык билдирип, өлкө башчысы тарабынан мамлекеттик башкарууга реформа жүргүзүү боюнча бир катар милдеттер коюлганын белгиледи. Ушуга байланыштуу Чынбаева министрликтин кызматкерлерин алдыдагы боло турчу реформалардын негизинде бирдиктүү ишке чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости