www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-июнда Нур-Султан шаарында Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдында жыйырмага жакын көп балалуу эне «үнсүз» нааразылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Алар кызыл түс менен «Х» тамгасы түшүрүлгөн беткаптарды тагынып, ар бир балага 21 миң теңгеден (50 долларга жакын) төлөп берүү жана турак-жай менен камсыз кылуу өңдүү талаптар жазылган кагаздарды кармап алышкан: «Ижарага турак-жай берилсин!», «Муктаж үй-бүлөлөрдүн насыялары кечилсин», «Ачкачылык жарыялайбыз!», «Мажбурлап эмдетүүгө каршыбыз!»

Чогулгандардын алдына чыккан калаа башчынын орун басары сүйлөшүү үчүн аларды акимчиликтин алдындагы үй-бүлөнү колдоо борборуна кирүүнү сунуштады. Бирок акция катышуучулары буга макул болушкан жок.

Жыл башынан бери Казакстандын шаарларында көп балалуу энелер нааразылык акцияларын өткөрүп, даректүү социалдык жардам берүүнүн мурдагы форматына кайтууну талап кылып келишет. Ага ылайык, жалпы кирешени үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө жашоо минимумунан 70% аз болсо, үй-бүлөдөгү ар бир балага 21 миң теңгеден берилиши керек болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости