www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус ЖКнын Каржы комитетин жетектеген Эмил Токтошев  үчүн аялы сыяктуу болуп калды, алгач аны контролдоого аракет кылды, ал баш ийбей койгон соң, аны менен жашаганга аракет кылды. Коронавирус боюнча толук маалыматы жок Эмил Токтошев парламенттик отурумда бир катуу күпүлдөп алды. Ойгонсун, элдин сөзүн сүйлөсүн, коронавируска келген акчалар туура багытта кетип жатабы элге жооп берсин. Коронавируска каршы Кыргызстанга Эл аралык валюта фондунан 2 транш менен насыяга болжол менен 242 млн  же 241 948 003 доллар келди. Бул акча республикалык бюджетти толтурууга багытталды.

Жалпысынан Азия өнүктүрүү банкы 120 млн доллар бөлөт. Азия өнүктүрүү банкынан 3 транш менен келет. Биринчи транш боюнча каржы мекемеси менен келишимге кол коюлду. Ага ылайык, июнь айынын башында 50 млн доллар келет, мунун жарымы гранттык негизде. Экинчи транш менен дагы 50 млн доллар келет. Эки транш тең бюджетти колдоого багытталат. Мындан тышкары, АӨБ 20 миллион доллар бөлөт. Бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык керектүү жабдуулар менен дары-дармек алууга жумшалат.

Дүйнөлүк банк инвестициялык «COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» жана «Кыргызстандагы табигий кырсыктарга туруштук берүүнү жакшыртуу» долбоорлоруна 21 млн 150 миң доллар бөлүп берет. Анын жарымы гранттык, теңи насыялык негизде. Бул саламаттык сактоо тармагы үчүн жабдууларды жана каражаттарды алууга багытталат.

Ислам өнүктүрүү банкы дары-дармек сатып алуу үчүн 15 миллион доллар насыя берет.

Евробиримдик билим берүү программасын жүзөгө ашыруу үчүн 15 млн 300 миң евро бөлүп берет. Санариптештирүүгө байланыштуу иш-чаралар үчүн 6 млн евро, социалдык коргоо чөйрөсүнө 9 млн 500 миң евро. Жалпысынан Евробиримдик Кыргызстанга 33 млн 880 миң долларды гранттык негизде берет.

Германия өнүктүрүү банкынын 30 миллион 352 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражаты азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да камсыз кылуу максатында фермерлерди колдоого жумшалат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости