www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында бизнесмендерден акча талап кылып келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, КНБнын Нур-Султан шаары боюнча департаменти тарабынан коркутуп-үркүтүү жолу менен бизнес-чөйрөсүнөн такай акча алып жүргөн этникалык кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердиги токтотулган.
10-сентябрда Нур-Султанда өткөрүлгөн атайын операция учурунда Тойота үлгүсүндөгү унааны ишкерден алып жатканда уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана мүчөлөрү кармалган.
Кармоо учурунда, кылмышка шектүүлөрдүн жанынан 11 огу менен Макаров тапанчасы жана дагы бир травмтикалык тапанча табылган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: "NazarNews.kg"