www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезневду кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, тараптар БУУ БКБнын Кыргыз Республикасындагы учурдагы долбоорлорун ишке ашырууну, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУ БКБнын орто мөөнөттүү программаларынын - Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын программасы жана Афганистан жана коңшу өлкөлөр үчүн Регионалдык программасынын алкагында кызматташуу маселелери да каралды.

Атап айтканда, консультациялардын жана программанын жетектөөчү комитетинин жыйынынын жүрүшүндө белгиленген, өлкөнүн улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн БУУ БКБнын жаңы программасын иштеп чыгууга жана кабыл алууга өзгөчө көңүл бурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости