www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанар Акаев:

Депутат Жанар Акаев былтыркы жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргызстанда 100 миңдеген адамдар насыя менен күн көрүшөт. Былтыркы жылдын 6 айында эле 150 миңге жакын адам насыя алган. Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабылды, доллардын куну өстү, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат. Өкмөттөн, банктардан, депутаттардан жардам сурап 100дөгөн адамдар жүрүшөт. Эл көйгөйү деп аталган коомдук бирикме бүт Кыргыз мамлекети боюнча насыясын төлөй албай калган пайыздык төлмөдөрдөн жеңилдик сураган жарандарды чогултуп, Ак Үйдүн алдында Жогорку Кеңешке, президентке кайрылып келип жатышат. Буга чейин алар мэриянын, өкмөттүн алдына түнөгөн учурлар болду. Өкмөт жана Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости