www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Бакыт Кудайбергеновдун өткөн чагына кылчайып көрүп, аргасыздан түңүлүүгө дуушар болдук. Убагында Туйгунаалы Абдраимовдун арты менен «Ысык-Ата» курортуна директор, кийин аталган райондун акими, Чүйдүн губернаторлутуна чейин жеткен. Алмазбек Атамбаев да колдоп, карьералык секиригине жардам бериптир. Тилекке каршы, кечээги устаттарын Сооронбай Жээнбеков бийликке келээри менен сатып, жүз үйрүп кеткенин шаардын жогорку тарабы эле айтууда.

Баса, бул эргул Иса Өмүркуловду да жамандап жүргөнүн кайда жашырабыз? «Өз агасын агалай албаган өзгөнүн эшигин сагалайт» демекчи, сый-урматтын баркын билбеген, адамгерчилиги жагынан аксаган адам кимди жыргатат? «Кескелдириктей куйругун кесип», ким бийликке келсе эле куда-сөөктөр тарабынан мамиле жасап, кошомат кыла жүгүнө береби?

Аныгында, Бакыт Кудайбергенов кадр катары профессионал эмес, эптеп жүргөн бирөө да. Берилген буйрукту да чала аткарат. Жетекчилик дарамети чектелүү, билими тайкы, кыскасы, Бишкек шаарыбызды артка тартат. Ансыз да мэрияда кадр саясаты бузулуп, өзүнө окшогон «башкармалар» айгайлап жүрүшкөндө, элибиз буларды карап отуруп, кандай жыйынтыкка келет ыя? Гезиттин өткөн санында жазылгандай, «Башкарма мэр» Бишкекти колхоз кылбайбы?

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости