www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлгөн киши “тирилип келип” унаасын башка бирөөгө саткан

Каза болгон адам өзүнүн автоунаасын “тирилип келип” башка бирөөгө каттатып койгондугу боюнча фактылар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Араван районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

Анын жолдошу 2020-жылдын октябрь айында  каза болгонун, бирок ал каза болгондон кийин ага таандык “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунааны жакын туугандарынын бири белгисиз жаранга сатып жибергендиги маалым болгон.

Аталган факты КЖБРге катталып, Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзө баштаган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын ноябрь айында каза болгон адамдын автоунаасын “Унаа” Мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүндө бул уюмдун кызматкерлеринин катышуусунда документтерди кайрадан жасоо ишке ашырылганы такталган.
Ошондой эле сатуу сатып-алуу келишимин ишке ашырууда каза болгон адамдын колу дагы коюлган.

Азыркы учурда кылмыш жасоого шектелип Ош шаарынын тургуну, “Унаа” Мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкери менен каза болгон адамдын тууганы катары өзүн тааныштырган Ош облусунун Араван районунун жашоочусу 1958-жылы тууган С.Г. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир катар экспертизалар дайындалды. Сатылып кеткен автоунаанын кайда экендиги такталууда.
Иликтөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости