www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурболот Мирзахмедов, Өзгөчө Кырдаалдар министри:
--Нурболот Сабиржанович, Таластагы өрт толугу менен өчїрїлдїбї? Казакстандан учак чакыртып анан өчүрүлдү деген маалыматтар тарады?
--Өрт болгон жерге барып жеринен таанышып кайттым. Таластагы өрт 28-июлда чыгып, 4-августта катуу күчөп кеткен. Ага чейин биздин кызматкерлер менен жергиликтүү тургундар эки жолу өчүрүшкөн. Мен ошол күнү байланышсам жергиликтүү бийлик “өзүбүздүн күчүбүз жетет” дешкен болчу, ишенбей 80 куткаруучуну Бишкек шаарынан, 60 куткаруучуну Жалал-Абад областынан алып барып өрттү өчүрдїк. Өрт негизинен Казакстандын чек ара аймагынан чыккан. Ал тарапта токой жок болгондуктан алар өрткө көп маани беришкен эмес. Ошол эле 5-август күнү Казакстан Республикасынын өзгөчө кырдаал боюнча комитетине өрттүн алдын алуу боюнча кайрылуу катын жолдодук. Ошол каттын негизинде алар учак учуруп, өрттү өчүргєнгє жардамдашты. Орточо эсеп менен 1000 гектарга жакын жер күйгөн. Ушунча гектардын ичинде арчалар, токой-чарба аймагы, жайыт жерлерибиз дагы бар.
--Суу ташкындоо коркунучу ЄКМ тарабынан тынбай эскертилип турат, алдын алуу иштери кандай жїрїп жатат?
--Ооба, азыр суулардын толкуп турган убагы. Мындан эки ай мурун дарыялардан суунун бийиктиги 4 миң метрге чыгып жаткан. Азыр баары түштү. Суулар көтөрүлгөн маалда маселенин алдын алып калдык. Көбүнчө маселе Өзгөн районунда болду. Суу көтөрүлүп калган кезде биздин кызматкерлер иштеп, алдын алуу иштеринин негизинде кєп зыяндан сактап калдык. Кийинки жылга даярдануу үчүн кооптуу деген жерлерибизде азыр жумуштар жүрүп, кызматкерлер дамбаларды курушууда. Пландык ишибизге 198 миллион сом каралса, кошумча өкмөттөн 150 миллион сом алып, иш алып барып жатабыз.
--Баткендеги суу каптаган кырсыктан эл кандай жардам алды?
--Биздин министрлик тарабынан мыйзам боюнча жардам бере албайбыз. Ага карабай Кызыл Ай коому менен биргеликте жардам берилди. Ал эми калганына болсо камсыздандыруунун негизинде калганын жергиликтүү бийлик жүргүзөт.
--Өзгөчө кырдаал түзүлгөндө кырсыкты алдын алуу жана калкты кооптуу аймактан чыгаруу боюнча иш алып барып жатасыздарбы?
--Кандай гана кооптуу кырдаал түзүлбєсїн биз телеканалдар, интернет аркылуу жарыяларда кантип сактануу керектигин айтып турабыз. Мындан сырткары биздин коопсуздук боюнча окуу борборлору 6 миңден ашык адамды окутушту. Кооптуу аймакта жашагандарга биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кат жүзүндө муну тастыктатып түшүнүк кат жаздырып алабыз.
--Сууга чөгүү боюнча кырсыктын аягы тыйылбай жатат. Суудагы суучулдардын айлыгы аз, «адамдарды чөктүрүп өлтүрөт экен» деген да сөздөр да чыгып кетти. Буга кандай комментарий бересиз?
--Буга байланыштуу болгон маалыматтардын баары чындыкка дал келбейт. Сууга чөккєндєрдї куткарууда биздин суучулдарыбыз иштеп беришет. Ошол эле кезде суунун астынан канча адам тапсак ушул кезге чейин бирөөнөн да акча алынган эмес. Муну эч ким акча бергем деп жокко чыгара албайт. Былтыркыга салыштырмалуу сууда чөккөндөр быйыл аз. Мисалы былтыр сууга чөккөндөрдүн саны 111 болсо, быйыл 100гө жакындап баратат. Элдин ичинде журналисттин чөккөндүгүнө байланыштуу резонанс жаралып, катуу дүрбөлөң түшүп кеттик. Пансионаттардын ичиндеги болуп жаткан кырсыктарга өздөрү жооптуу. Аларды көзөмөлдөө экотехинспекцияга жүктөлгөн. Экотехинспекция атайын уруксат чыгарып берсе куткаруучуларды биз дайыма окутуп берүүгө даярбыз. Ал үчүн министрликтен атайын акы төлөнүп берилет.
--Ош-Бишкек жолундагы кырсыктардын көбөйүүсүн алдын алуу үчүн сунуш берип жатасыздарбы?
--Үч адамдан көп өлүм болсо ал бизге катталат. Калган иштин баарын МАИ кызматы жүргүзөт. Быйыл андай чоң кырсыктар эки жолу болду. Кудай бетин ары кылсын, кырсык болсо биздин кызматкерлер биринчи жардамды беришет. Мисалы машина ачылбай калса адамдарды алып чыгып берүүгө милдеттүүбүз. Жол кырсыктарынын көбөйүшүнө жол дагы себепчи болууда. Себеби стандартка жооп бербейт. Айдоочулар дагы алды артын карабай катуу жүрүшөт. Жолдорго көзөмөлдөө камераларды койбосок болбойт. Ош-Бишкек жолундагы 90 менен айдай турган жерди айдоочулар 190 менен айдашат. Буюрса альтернативдик жол ачылып калса кырсыктар азаят деп үмүт кылам.
--Быйылкы жылы кандай өзгөчө кырдаалдар жаралды?
--Быйылкы жылы 90 жолу өзгөчө кырдаал катталып, 12 адам каза тапты. Былтыр бул маалда 309 өзгөчө кырдаал катталып, 113 адам көз жумган.
--Кызматкерлерге батир берүү дагы уланабы?
--Кудай буюрса деп турабыз. Былтыр шаарларда берилсе, быйыл аймактарга салынып жатат. Мисалы Жалал-Абад, Нарын областтарында учурда курулуш иштери жүрүүдө, буюрса жыл аягында ачкычтарды тапшырып калабыз.
--Жол кырсыктарындагы адамдардын кандуу сүрөттөрүн интернет баракчаларга чыгарбай коюуга болобу?
--Биз тараптан “Жол кырсыгы катталды” деп биз машинаны гана көрсөтүп, адамдын жансыз денесин чыгарбайбыз. Ал эми ошол жердеги күбөлөр сүрөткө тартып интернетке жайгаштырып салышууда. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Балким ал адамдар деле айдоочулар ушуну көрсө акырын айдап калышаар деп чыгарып жатышкандыр. Каза тапкан адамдар кимдир бирөөнүн жакыны болушу мүмкүн, бул абдан жаман көрүнүш. Айдоочулар шашпай мыйзам чегинде айдашса кырсык дагы азыраак болот эле деп ойлойм.
--Өкмөт башчы министрликке кандай талаптарды коюп жатат?
--Премьер-министр министрликтен кырсыктын алдын алуу иштерин жасоону көбүрөөк талап кылууда. Быйылкы жылы эл жашаган жердеги дамбаларды курууга акча бөлдүрүп берди. Техника алуу боюнча көп көмөктү өкмөт башчыдан алуудабыз. Мухаммедкалый Абулгазиев дайыма “кырсык болуп бүткөндөн кийин күрөгүңөрдү көтөрүп баргандын ордуна алдын ала иштерди жүргүзгүлө. Коопсуз аймактарды көчүрүп чыккыла, жоготуулар болбосун” деп көп айтат. Премьер-министрдин талабы да, көзөмөлү да ушул.
Булак: "Де- факто"