www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында бир катар ири социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.
Иш сапарга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов катышты.
Министрдин айтымында, учурда республика боюнча Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө 540 социалдык объект курулуп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү билим берүү тармагына тиешелүү.
«Мамлекет тарабынан курулуп жаткан бир да объектте курулуш иштери токтогон жок. Буга чейин башталган бардык объектилерде иштер белгиленген графикке ылайык улантылып жатат. Ар бир объекттин сапаты, курулуштун жүрүшү жана мөөнөтү министрликтин көзөмөлүндө», — деди Нурдан Орунтаев.
Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин, жаңы мектептердин, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы корпусунун жана 5200 орундуу спорт сарайынын курулушунун жүрүшү каралды.
Объектилерди кароодо курулуш иштеринин сапатына жана бекитилген графиктердин сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
Жооптуу жетекчилерге курулуш иштерин үзгүлтүккө учуратпай улантуу, сапатты көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча тапшырмалар берилди.