www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда саясатчылардан бир эле социалист калды. Башкалары булгаары тончон жаны манаптарга айланды. Ал социалист  - Текебаев Өмүке.

Өмүке – өзүнчө эле бир доор. Жөнөкөй мугалимдиктен Жогорку Кеңешке депутаттыкка секирик жасаган саясатчылардын акыркысы. Эми саясатта кедей-кембагалдарга орун жок. Бирок социалисттик идеялар акыр Кыяматка чейин жашай берет. Өмүкенин идеялаштары бардык доорлордо туула берет.

Өмүке, тарыхтагы бардык чоң саясатчылар сыяктуу эле Сиз да түрмөдө отурасыз.Өзүңүз айткандай, кол чабуулар менен түрмөдөн чыкчу күн келет. Аман болуңуз. СНБнын сыз камерасында суугуңуз ашып кетээр. Буйруса, береги сүрөттөгүдөй болуп жаш сорпо иччү күнгө жетээрбиз.

Ошондо оппонентиңиз  Өмүрбек Абдрахмановдун багынан алма алдырып жеп жакшы майрам кылабыз.
Майрамыныз менен!-деген пикирин журналист Нургазы Мусаев жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости