www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровдун туулган жеринде коргоо комитети түзүлөт экен”-деген кабарды угуп биз дагы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылына сапар тарттык. Биз барганда Садыр Жапаровдун ага- тууганы, 84 жаштагы атасы Нургожо аксакал тосуп алды. Нургожо аксакал уулунун акталып чыгаарына жана ак экенине толугу менен ишенээрин айтып олтурду. Көз жашын агызып, уулун күтүп олтурган атаны көрүү, анын айтканын кагаз бетине түшүрүү ушунчалык оор болду. Садыр Нургожоевичтин ага-тууганы, айылдаштары, достору анын кандай экенин айтышып, чын жүрөгү менен элим деп күйгөн адамды бийлик карасанатайлык менен камап олтурганын сөз кылышып, эл уулун бошотулушун талап кылышты.

Нургожо ажы Жапаров, Садыр Жапаровдун атасы: “Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм”

— Баламды күтүп минтип Кудайдан зар тилеп калам деген оюма да келген эмес. Менин уулум киши тоноптурбу? Мамлекеттин казынасын тоноптурбу? Канчалык деңгээлде зыян кылыптыр? Канжалатып сойгудай канчалык чоң күнөөсү бар эле уулумдун? Бир суроого жооп таппай ооруп да калдым. Жашым 84кө келди. Баса албай, ооруп төшөккө жатып, намаз да окуй албай калдым. Ушул убакытка чейин Садырга Кудайдан коркуп жаша, ак иште, зыян кылбагын деп айтып тарбиялагам. Балам мени угуп чоңойду, ошол эле айткан акылдарымды угуп иштеп келе жаткан. Өлүм мени коркута албайт, жашаарымды жашадым Кудайга шүгүр. Баламды көрбөй кете беремби деп корком. Байбичем муну уккандан бери ооруканада жатат. Мына азыр канжалаган абалы түшүмө кирип кыйналып жүрөм. Ошол күнөөсүз камагандардын дагы мендей атасы бардыр. Уулумдун канжалаган сүрөтүн күндө карап сай сөөгүм зыркырап жатат. Мен Садыр уулумду союлсун деп тарбиялаган эмесмин, мамлекетине кызмат кылсын деп өстүргөм. Уулум гана эмес, неберелеримди, балдарымды кошуп камап салышыптыр. Бул эмне деген шумдук? Ушунча дагы акыйкатсыздык болобу айланайындар. Менин үнүмдү жогору жактагыларга айта баргыла. Мейли менден, элдин сөзүнөн коркпосо дагы Кудайдан корксун. Мен аны келе бер балам деп коюп өзүм салып бериптирмин. Оор кылмышкерди кармагандай баса калып кармап кетишиптир. Мен, бир туугандары, апасы турган жерде Садыр кайда качмак? 3 жылдан бери келе элек, келип учурашып анан бармак сурагына. Өзү деле айтты го аны. Эмне кылаар айламды таппай калдым, бир гана силер менин үнүмдү жеткире аласыңар. Эл деле уулумдун ак экенин түшүнүп турат, бирок 4 ооз сүйлөп койгондун баарын камап жатпайбы. Анан алар деле айласы кетип унчукпай жатышат да.

Жумакадыр Жапаров, агасы: “Садырдын оюнда арамдыгы болсо, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо келбейт болчу”

— Садырдын бул иште ак экенине 100 пайыз ишенем. Анткени Садыр менин көз алдымда чоңойгон бала. Аны бир тууган катары жакшы билем. Ал кенедей кезинен бирөөгө жамандык, кыянаттык кылбаган, ак жүргөн бала. Садыр мурда депутат болгондо дагы көп кишилер жамандык кылышкан. Ошондо Садыр “таш менен урганды аш менен ургула, кектебегиле”- деп далайды ашын берип сыйлаган. Бирөөгө жамандык кылбагыла, ага Кудай жеткирет деп айтчу. Азыр дагы 5 маал намаз окуйт. Атасы, апасы, үй -бүлөбүз менен намаз окуйбуз. Бирөөгө жамандык кылбайбыз, бирөөдөн сурабайбыз. Садыр “Элдин жашоосу оңолсун, эл кыйналбасын, жакшы жашасын”- деп айтчу дайыма. Чет мамлекеттен келээрде дагы өзүнүн сөздөрүндө “биздин мигранттардын жашоосун көрдүм, ыйлагым келди, кыргыздын жаш кыздары жер шыпырып, даараткана жууп жүрүшөт. Эмнеге өз мамлекетибизде иштебейт? Жигиттер эмнеге Кыргызстанда иштебейт?”- деп айткан. Садырдын оюнда арамдыгы бар, мамлекетке кылмыш кылып койгон адам болсо ал антип келбейт болчу. Мен Садыр камалганда чек арада тургам. Миң киши дебейин 500 аскер барып оор кылмышкерди кармагандай кармап кетишти. Бир кишини кармаганга ошончо аскер жумшайбы. Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда башка мамлекеттин атуулдарды биздин элди сабап, тоноп кетип жатат, ошолорду бир аскер барып коргобойт. А таза кишини ушунча кордук кылышат. Өзүн-өзү кескилегенине дагы ишенбейм. Ал антип өзүнүн жанын кыюуга барбайт. Анчалыкка бара турган бала эмес болчу. Садыр деген акыл- эси ордунда, түшүнүктүү, Кудай деген адам. Кудай деген адам эч убакта өзүнүн жанын өзү кыйбайт. Муну Садыр жакшы билет, болгону аны күчкө салып эле кескилеп салышты. Кудайдын көзү түз болсо Садыр акталып чыгаар күндү күтөбүз.

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости