www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкерлердин көбүнө тажрыйба жана билим жетишпейт. Бул жаатта бизнес бирикмелер да жигердүү иштеши керектигин бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев "Маралга"билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер бухгалтердик эсеп боюнча, отчет тапшыруунун эрежелери боюнча уюштурулган курстарга катышса болот. Билимдүү ишкерди кооруционер, чиновниктер оңой менен сындыра албайт.

Андыктан кичи бизнес болсо да, ишкерге билим алуу сунушталат.

«Ишкерлерге мамлекеттик органдар, өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кандайдыр бир басым болсо, укуктары бузулса, бизге кайрылса болот. Биз ишкерлерди күн сайын кабыл алып, кеңештерди бергенге аракет кылып жатабыз. Бизге кат түрүндө, электрондук почта же телефон (0222 911 330) аркылуу да кайрылууга болот», — деди Мусуралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости