www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-сентябрдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Кумтөрдөн алтынын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
"Кумтөрдүн алтыны коомчулукта кызуу талкуу жаратып келди. Буга байланыштуу Министрлер кабинети дагы түшүндүрмө беребиз, алтындын граммына чейин айтабыз деди эле. Коомчулукта алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү, биздин өлкөнүн энчисине өткөндөн берки иш-аракеттери боюнча кызыгуу көп. Мен мындан улам депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылат элем. Ага фракция лидерлери жана ар бир фракциядан бирден депутат кирсин. Бизге көп кайрылуу, каттар бар. Маселени көз жаздымда калтырбай комиссия түзүшүбүз керек", - деди Шакиев.
Булак: NazarNews.kg