www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда юстиция министри, башкы проркурор болуп иштеп, иш билги мыкты жөндөмү менен эл көзүнө илинген Нурлан Турсункулов 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин мезгилдин, саясаттын «курмандыгы» болуп, ак жеринен ийилди. Бирок баарына эл тараза. Биз өткөндү казып, ак-карасын жиликтейли деген максат койгон жокбуз. Балким кези келгенде баары айтылат. Анткени мезгил өзгөрөт, чындык гана өзгөрбөйт. Азырынча биз учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жаңы кабыл алынган 5 кодекстин артыкчылык, кемчиликтерин  мыкты юрист, тажрыйбалуу адис катары Нурлан Жанышевич менен сөз кылдык…

- Нурлан Жанышевич, азыркы учурда жыл жаңыргандан бери күчүнө кирген жаңы 5 кодекс (Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс жана Жазык-аткаруу кодекси) боюнча коомдо кайчы пикирлер арбын айтылып, талкуу кызуу жүрүп жатат. Өкмөттү Жогорку Кеңеш өздөрү баш болуп такалап жатат. Негизги жоопкерчилик кимде болуш керек?..

- Мамлекетибиз мыйзам чыгаруучу (Жогорку Кеңеш), аткаруучу (Өкмөт), сот бийлиги болуп үч бийлик бутагынан турат. Демек, мыйзам чыгаруучу деп аты айтып тургандай, кабыл алынган мыйзамдарга эң биринчи кезекте Жогорку Кеңеш жооптуу. Мыйзамдын аткарылышын дагы көзөмөлдөшөт. Тилекке каршы, бизде жоопкерчиликти башка бирөөгө шылтамай оору бар. Маселен, бирөө колунан тарелкасын түшүрүп жиберип сындырып алып, бирөө шашып келе жатат дегендей адат мамлекеттик жогорку бийликке чейин жеткен. Азыркы биз кеп кылып жаткан кырдаалды алсак, Жогорку Кеңеш колундагы тарелкасын түшүрүп жиберди. Эми Өкмөт, сот эмне кыласыңар деп, жоопкерчиликти, күнөөнү аларга арта салып, өздөрү суудан кургак чыккылары келет. Мындай болбойт.

- Негизи жаңы кабыл алынган 5 кодекс укук коргоо тармагын, сот бийлигин реформалоого багытталган да. Бирок коомчулукта  бул 5 кодекс мамлекеттин мыйзамдарын  талкалап, башалмандык жаратат деген сындар арбын. Сиз кандай пикирдесиз?

- Жалпак тил менен айтайын. Мыйзамды дарак деп алалы. Эгер жакшы мыйзам болсо, ал дарак тамырлап өсүп, жетилип мөмөсүн берип, элге пайдасын келтирет. Ал эми 5 кодекс тууралуу айта турган болсом, туура эмес 5 дарак туура эмес жерге, туура эмес мезгилде отургузулду. Эми бул дарактар өскөн сайын үйдүн чатырын сындырат же пайдубалын талкалайт. Ошондой эле бутактап өзүнөн башка мыйзамдаргы таасирин тийгизет. Ал мыйзамдар башка мыйзамдарга жугузат.

Андан мыйзамдык актыларга, токтом жоболорго, жалпы эле укуктук нормативдик актыларга чейин жетип, түздөн-түз элдин тагдырына чоң кесепети тиет. Бул беш терек мыйзамдардын иерархиясында жогору жакта турат. Башка мыйзамдарга таасири күч. Демек, мамлекетти башаламандыкка алып келет деген сындарга кошулса болот. Мен бул нерсени мыйзамдардын чатагын жарата турган жерге атайын тигишти деп эсептейм.

- Эгер кодекстерде кемчилик көп болуп башалмандык жарата турган болсо, элге, мамлекетке тескери кесепети тийбеш үчүн кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?..

-   Мени эми бул боюнча дагы тереңдетип өзүмдүн оюмду мыйзамга такап айтсам, мени «шина» (Акаев, Бакиев) деп айтасың.

- Жок айтпайм. Ким кандай деп айтпасын, сиз өз пикириңизди айтыңыз да?..

- Кырдаалдан чыгуунун жолу кандай? Эми бул 5 терек бутактап баштайт. Бутактары үйдүн (мамлекеттин) чатырын сындырып, тамыры пайдубалын талкалап, башка мыйзамдарга зыянын тийгизбеш үчүн ар бир теректин жанында багбандарды коюп, ашыкча буткактарын бутап, тескери өскөн тамырын тез-тез кыркып туруш керек. Жакынкы 2-3 айда көрөсүңөр, багбандардын арасына Конституциялык сот дагы кошулат. Бул жагы Конституцияга туура келбейт дешип көп маселе жаралат.

Эгер сен «шина» деп айтпасаң, бул көйгөйдү чечүүнүн жолу – Конституциядан баштап бардык мыйзамдарды башынан сүрүп келип, анан 5 теректи дагы тазалап өтүш керек болот. Болбосо, башка жолу жок деп ойлойм. Бул боюнча териштирүү жүргүзүп, юридикалык баа берүү абзел. Мыйзамды кимдер жазган, аны Жогорку Кеӊеште ким лоби кылып өткөргөн. Эмне максатта бул мыйзамдарды киргизген. Жогорку Кеӊештин профилдик комитетиндеги юристтер мыйзамдын кесепети терс натыйжа берээрин эмнеге эске алышкан жок? Же атайын кылышканбы? Сөзсүз териштирүү жүрүшү милдет…

- Элге түшүнүктүү болуш үчүн айтсаңыз, багбандар деп кимдерди айтып жатасыз?

- Багбандар ошол 5 теректи тиккендер болуш керек. Эми Жогорку Кеңеш багбандын милдетин алып, өз кемчиликтерин өздөрү бутап турушу кажет.

- Сиз жогоруда Конституциядан башташыбыз керек деген ойду айттыңыз. Ансыз да Конституция образдуу айтканда 99 жолу өзгөрдү го. Конституцияны өзгөрткөндөн өнүгүп кетсек, эмгиче башкача болот эле го…

- Конституция – мыйзамдардын чоң атасы. Конституция кандай болсо, калган мыйзамдар дагы ошол тартипте болот. Биз Конституцияны кабыл алганда, үрп-адат, басып өткөн жолубуз, тарыхыбыз, келечегибиз, географиялык жайгашкан аймагыбыз, коңшуларыбыз, кимдер менен карым-катышта болобуз, стратегиялык багытыбыз баары камтылышы керек. Бул биринчиден. Экинчиден, Конституция бардык суроого жооп берүүгө тийиш. Эгерде бир суроого эле так жооп бербесе, аягы чатакка алып келет. Маселен, менин бүгүнкү күнгө чейин жооп ала албаган бир суроом бар. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 119 эмес же 121 эмес, 120 болуш керек…Эч ким жооп бере албайт. Эмнеге таянып 120 кылышкан. Бул жасалмаалуулук.  Мындай нерселер көп. Конституция туура эмес болсо, мамлекет эч качан өнүкпөйт.

Конституция – кол тийгис ыйык болуш керек. Биринчи кезекте Конституция жалпы элдин кызыкчылыгына төп келиши шарт. Эгер элдин кызыкчылыгын көздөбөсө Конституция алмаша берет. Жашырбай эле айталы, буга дейре өзгөртүлгөн Конституциянын тарыхына токтолсок, биринчиси бирөөнү түбөлүк бийлик ээси кылууга багытталды. Экинчиси бирөөнү хан кылууну көздөдү. Үчүнчүсү төраганы кылууну максат кылды. Төртүнчүсү, премьерди мамлекеттин төрүнөн көргүсү келип, депутатты 1-вице-премьер кылгысы келди.

Жакшылап карасак, кимдердин кызыкчылыгы болгону кашкайып көрүнүп турат. Бери жагына фамилияларын эле жазып койсо түшүнүктүү болот. Мындай шартта бийлик ээси кызматтан кеткенде же алсыз болуп калганда Конституция алмаша берет. Ошондуктан Конституцияны ким бийликке келсе эле өзү билгендей, каалагандай бурмалап кол жоолук кылганга жол бербегендей кылыш парз. Антпесе мезгил өзгөрүп, заман алмашкан сайын Конституцияны тез алмаштырганга мажбур болобуз…

- Сиз жогоруда «шина» тууралуу сөз кылдыңыз. «Шина» деп кимдерди айтып жатасыз?

- «Шина» тууралуу айтсам, бүгүнкү күндө мамлекетте үч «шина» калдык. Мен анан дагы эки досум. Аттарым атасам капа болбосо керек, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев.  Калгандын баары «шина» эмес. Эч бир бийликтин тушунда иштешпей эле, көктөн түшүп же жерден чыга калышкандай. Мен «шина» болбош үчүн 1932-жылы төрөлүп, 1992-жылы 60 жашка чыгып, Акаевдин бийлигинин учурунда пенсияга кетишим керек болчу. Болбосо 1988-жылы төрөлүп, 2010-жылы жумушка киришим зарыл эле. Эми тагдырга жараша 1968-жылы төрөлүп, 1992-жылы окууну бүттүм. Ошондо мен 2010-жылга чейин «шина» болбош үчүн 26 жыл иштебей, мына эми жаңы бийлик келди деп 42 жашка чыкканда ишке киришим кажет болмок.

Анда мени эч ким жумушка алмак эмес. Анан кайсы бир учурда жогорку кызматты аркалаганым үчүн мени «шина» кылышты. Мына азыркы кезде ошол эле Акаев, Бакиевдин учурунда  эки-үч жолудан жогорку кызматтарды ээлеп депутат болуп иштегендер. Анан үчөөбүз эле «шина» болуп калабызбы?.. Эми силер иштеген учурда эмнеге “Айфон 8” чыккан эмес, азыр бар дегендей мамиле кылган туура эмес. Исхак Раззаковдун учурунда джинсы, джип машина жок болгондой эле кеп. Эми бул технологиянын өнүгүүсү бизге көз каранды эмес да. Мына 2010-жылдан бери деле мамлекетибиз оңолуп, чоӊ секирик жасап өнүгүп кеткен жок. Азыр “Айфон 10”, джип машинасы да бар. Бирок баягы эле жашоо. Анан олуттуу эч нерсе өзгөрбөсө, ошол кезде да, азыркы кезде дагы бийликте отургандар «шина «болушабы же менби?.. Мен мамлекетке ак дилден кызмат кылдым.

- Акыркы суроо болсун, сиздин мамлекеттик кызматтан көңүлүңүз калдыбы же кызмат сунуштаса иштеп берет белеңиз?

- Жок. Мамлекеттик кызматка барайын деген оюм жок. Мүмкүн болушунча максималдуу түрдө жаштарга орун берип, коркпой-үркпөй, иштетиш керек. Эски «шина», «щик», «гүл», «шаа» дегенди жугузбай, жаштардын акылын, билимин, энергиясын пайдаланып иштетүү зарыл. Баягы эле 60-70ке чыккан эскилерди бийликке алып келе бергенден мамлекет утпайт. Өлкөнү өнүктүрсө жаштар өнүктүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости