www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Республикасынын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
«Жаркын жашоонун башталышы болгон Нооруз жалпы тагдыры жана тарыхы менен байланышкан биздин боордош элдерибизге жакшылык жана бакубатчылыкты алып келсин.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жалпы руханий баалуулуктарга, ынтымакка, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүккө негизделген өз ара пайдалуу жана ар тараптуу мамилелер интенсивдүү өнүгөт деп ишенемин», — деп белгиледи Казакстандын туңгуч президенти куттуктоо телеграммасында.
Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго чың ден-соолук, жогорку жана жооптуу кызматында чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.
Булак: NazarNews.kg