www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы саясий атаандаштарды ооздуктап туруш үчүн түзүлгөнүн турмуш чындыгы көрсөттү. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердүүлүк кеңешинин башкы катчысы Нуруйпа Муканова билдирди.

Ал АКК (Антикоррупциялык кеңеш) Коррупцияга каршы ишкердик кеңештен айырмаланып УКМКнын тартип сактоо боюнча түзүмү болгон.

«Бийлик АККны саясий коррупция жана бийлик башында жүргөн «чоңдордун» арасындагылар менен күрөшүү максатында түзүлгөнүн жар салган. Бирок турмуштун чындыгы аталган кызматтын бийликтин оппоненттерин ооздуктап кармап туруу үчүн жаралганын көрсөттү. Бул жазалоочу орган болгон», — деди АИКтин төрайымы.

Ал сөз болуп жаткан кызмат саясий коррупция менен күрөшпөгөндүктөн, президенттин аны жоюп салуу чечими туура болгон деген пикирин билдирди.

«Биринчиден, президент мындай ыкманын жардамы аркылуу оппоненттери менен күрөшпөй тургандыгын айтты. Экинчиден, Антикоррупциялык кызмат бизнестин тымтыракайын чыгарды. АКК менен Финпол жоюлгандан кийин бизнес-коомчулук жеңил дем алып калды. Албетте, тартип сакчылар аткезчилик, көмүскө экономика менен күрөшүшү керек, бирок ал көзүнө көрүнгөндү акча өндүрүш үчүн кармай бербей, текшерип анан иш алып барышы керек», — деген Муканова.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын июль айында Антикоррупциялык ишкердик кеӊеш түзгөн. Ал коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик органдар менен коомдун ортосундагы майнаптуу диалог түзүү боюнча иш алып барышы керек. Мындан сырткары, анын бизнес менен инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшүү милдети бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости