www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2013-жылы Үсөн Сыдыков 70 жылдык мааракесин берип, ары чапкылап, бери чапкылап кыргыздын аттуу-баштуу саясатчыларын чакырат. Бул мааракеге ал кездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев да катышат. Бийлик жактан эч кандай реакция болбогондуктан парламент депутаты Ахматбек Келдибеков сөз сүйлөп: Үсөн аке бийлик сиздин мааракеңизге эч кандай реакция кылышкан жок. Жок дегенде бир «калайды»  тагып коюшса болмок. Буюрса бул калайды тагынасыз!» -деген. 2023-жылы Үсөн Сыдыков 80 жашка чыкмак, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, эң башкысы өз элин, жерин сүйгөн мекенчил инсан Үсөн Сыдыков бул жалган менен коштошту.

1990-жылы 5-июнда Ошто өзбек –кыргыз жаңжаалы башталган. Ал кезде Ош обкомун Үсөн Сыдыков, Ош облкомсомолун Аликбек Жекшенкулов башкарып турган. Ош облусу азыркы Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун бириктирген Кыргызстандын теңме -теңин ээлеген зор облус болгон. Тогуз-Торо району Нарын облусуна, Токтогул, Чаткал Талас облусуна  карай турган.

Мындай зор областын аймагында жашаган Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Тешебаев баш болгон өзбек элитасы Москвага, КПСС Борбордук Комитетине кат жолдошот. Бул катта алар Ош облусуна автономия берүүнү жана бул автономиялык облусту акырындык менен Өзбек ССРине берүү тууралуу маселени козгошкон. 1990 –жылы июнда бул маселе чыңалып отуруп  апогейине жетет. Ош шаарынын тегерегине он миңдеген өзбек улутундагылар топтоло баштайт, муну угушкан миңдеген кыргыздар да чогула баштайт. Совет мезгилинде өзбек, кыргыз чек аралары жок, ошондуктан коңшулаш Наманган, Маргелан,Фергана аймактарынан өзбектер келатат деген кабар угулат. Бул жаңжаалды басууга ал мезгилде СССРдин президенти Михаил Горбачевдун кеңешчиси, дүйнөлүк маанидегеи залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов элдик дипломат катары тартылат. Арийне, Айтматов Горбачевго эмне деп түшүндүргөнүн ким билет, кыргыз калкы менен жолугушканда Өзбек ССРинин чоң экенин белгилеп, өзбек элине жан тартып койгону ушул кезге чейин айтылып жүрөт. Бул каргашалуу окуяга катышкан чыныгы кыргыздар өзбек түрмөлөрундө өзбек кылмышкерлеринин колуна салынып берилип, бул окуядан кийин да бир топтору жан таслим болгон.

Ош окуясын басуу үчүн ал кездеги Казакстан компартиясынын биринчи секретары Нурсултан Назарбаев ортого түшүп, Кыргызстан компартиясынын биринчи секретары Апсамат Масалиев жана Өзбекстан компартиясынын биринчи секретары Ислам Каримовду бир столго отургузган жери бар. Ал кезде аксакалы  Апсамат Масалиев болгон, ал абдан сыйкор адам экен, Нурсултан Назарбаев аксакалын сыйлап алдыга өтүңуз десе, ал Ислам Каримовду сыйлап алдыга өткөзүп жиберген дечү. Ошол жылы жазында «президент» болуңуз десе, «Москванын айтканын күтөлү» деп, убакытты алдырып жиберген. Ошондо болгон Ош окуясы күзүндө болгон президенттик шайлоодо Масалиевге залалын тийгизген.

Социалисттик коомдун аягы Михаил Горбачевдун кайра куруу доору менен бүткөн. Буга чейин элдин оозун «скоч» менен бекитип келсе, кайра куруу доорунда элдин оозу араандай ачылып, СССРде каргашалуу Карабах, Алматыдагы Желтоксан, өзбек -месхед түрктөрү   баш болгон ызы-чуулар башталган. Кыргызстан КП БКнын биринчиси педагог Турдакун Усубалиев КПСС БКнын Башкы катчысы педагог Константин Черненкого таянып Кеңеш Кулматовду Кыргызстан КП БКнын катчылыгынан кубалап Москвага айдаган. Жубайы Сакен Кыдыралиеванын МГУдагы курсташы Михаил Горбачев келгени матч –реванш алып, Усубалиевдин ордуна биринчи болуп Апсамат Масалиев келет.

Ошол мезгилде Казак ССРинин Семей аймагында бал менен жүргөн агаларыбыздын айтымында муну угушкан ошол жердеги казактар кыргыз элине боор тартышкан. Ошол аймактагы бир айылды кыргыздын калпактарын кийип чабышкан өзбектер кармалып калышат. Кыргыздар казактарды эмнеге чабат эле, эгер алар кармалбаса, бул окуя боюнча кыргыздардын мойнуна бул кылмыш илинмек.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду, коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт. Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости