www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуржан Шайлдабекова кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп тандалды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында маалым болду.

Ушул жумада БШКнын жаңы курамы түзүлгөн. Көпчүлүк добуш менен Шайлдабекова төрайым болуп, ага комиссиянын 11 мүчөсү “макул”, бирөө "каршы" деген добуш берген.

Шайлдабекова БШКга буга чейин да төрайым болчу. Аталган кызматты ал беш жылдан бери башкарып, бир нече шайлоону өткөргөн.

БШКнын жетекчилигине президент беш, Жогорку Кеңеш беш талапкерди көрсөткөн.

Президенттик квота менен сунушталган талапкерлер: Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев, Акбалык Жумалиева, Айдана Жупуева.

Ал эми Жогорку Кеңеш сунуштаган талапкерлер: Узарбек Жылкыбаев (КСДП), Акылбек Эшимов (“Кыргызстан”), Кайрат Маматов ("Республика — Ата-Журт"), Тынчтык Шайназаров ("Өнүгүү-Прогресс"), Абдыжапар Бекматов ("Бир бол"), Искендер Гайпкулов ("Ата Мекен").

Булак: NazarNews.kg

Последние новости