www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мыкаачылыкка үндөп жатат деп эрежесиз мушташты жайылткандарды сындады.
Эл өкүлү Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлүмүнүн себебинин түпкү маанисин кароо керектигине токтолду.
"Мурда спортчу десе 100 метрге чуркагандарды, волейболчуларды түшүнөт элек. Азыр "мен жеңил атлетика менен машыгам" десең күлөт. Спорт деген ММА, эрежесиз мушташ болуп калды. Мурда мушташсак, мурду канап кетсе кайра барып бетин жуушат элек. Азыр жыгылып калган адамды бетке тепмей, башка чапмай тарбия менен өсүп жатабыз. ММА дегендин тарбиясы, түпкү теги ошондой. Советтер Союзу мындайга тыюу салып туура эле кылган. Балдарга зомбулукту аябай эле жарнамалап жатабыз", — деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал расмий статистика боюнча 100 миңдей баланын ата-энеси миграцияда жүргөнүн эске салды. Депутат өзүңө керек эмес бала эч кимге керек эместигин, андыктан жакшы тарбия берүү зарыл экенин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg