www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оболу дилин төшөсө тили оңолот

Парламентте деле сай-сөөктү чагып, кыргыз тилинде какшаткандар саналуу эле. Карапайым элдин ошолор сүйлөгөндө, же маселе көтөргөндө чечекейи чеч болорун билебиз. Калгандары аман эле болсун, төө десе бээни айтып адамды кыжаалат кылышат. Негизи кыргыз тилинин баркын биринчи кезекте ошол эл өкүлдөрү бекемдеп алса иш оңунан кетмек. Тилекке каршы дале болсо онтологондор, эптеп сөздү жамагандар, маани бербегендер жумшак креслодо чалкалап отурушат.

Антсе да Пархат Түлендибаев деген депутат бир ирет гимнди билбей уят болгонунан улам дилин төшөп тил үйрөнүүгө ынтаасын койду. Өткөндө бир таанышы да депутаттын аракетине ичи жылыганын кыйытты. Көрсө кандай иш болсо да көңүлүн койуп жасаса жылыштар болот турбайбы? Эмнеси болсо да кийинки убакта Пархат мырза ниетин түздөп, кыргыз тилине маани бере баштаганы жакшы жышаан экенин айта кетели. Эл өкүлүнүн мындай саамалыгын башкалар деле колдоого алса бир жери кемибестен, кырынан ырыскысы ашып түшмөк.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости