www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 6000 адам бараары күтүлүүдө. Ар бири жок дегенде 5000 доллар коротот. Ошондо Меккеге ажылыкка бара турган өлкөбүздөгү мусулмандардын чыгымы 30 млн. доллар болот. 

Бул бир жылда сыртка агып кете турган капитал. Өлкөгө бир тыйын пайда калбайт. Ушул акчага үй-жайы жок жетим-жесир, жакырларга жардам берсе болот беле? Бул өтө чоң сооп эмеспи?..

Сыртка кеткен каражат өзүбүздүн өлкөгө калса, завод-фабрика курулуп, иш орундары түзүлүп экономикага салым болмок. Эң кур дегенде көпүрө, жол салынса, томаяктарга мал, үй салынып берилсе, исламда айтылган эң көп сооп алышмак. Жакырчылыктын жоюлушу тездемек. Өлкө өнүгөт эле. Мындай жакшы ишти Аллах көрбөй, кабыл албай бейишке чыгарбай коймок беле?  

Анан эле реалдуу нерсени туура кабыл алышкандын ордуна, караңгы сабатсыз дин фанаттары чалкасынан кетишип, тыраалап жатып калышат. Ал түгүл муфтий баш болуп, молдолор тынбай кыргыздын салтын ширк дешип, той бергендеги, сөөк узатууда чыгымдарды ысырапкорчулук катары сыпатташып, кыргыздын каада-салтын, наркын, жөрөлгөлөрүн жоюнун аракетин тынымсыз жүргүзүп жатышат. 

Кыргызстандагы жакырчылык болсо жогору. Анан өзүбүздүн камды ойлобой, өзгөгө жагынгандык, аларга тапканыңды ташып барып берүү, кайсы акылга сыят? 

Жыл өткөн сайын ажылыктын квотасы көбөйүп, арабдардын экономикасын гүлдөтүп жаткан Кыргызстандан чыгып жаткан капиталдын суммасы дагы өсүүдө. Анан, араб гүлдөп өсүп өркүндөбөгөндө, Каба ташты айланып, Мухаммед пайгамбар жашынып аман калган Ухуд тоосуна зыярат кылып, Арават тоосуна чыгып шайтанды таш менен уруп келиш үчүн тапканын араб чөлүнө чачып келип, ажы аталып жыртык тепшисин кучактап отуруп калган кыргыз өнүгөбү? Кыргызым, качан ойгонуп, качан эсиңе келесиң? 

Быйыл болжолдуу 5 миллиондон ашык калк быйыл Меккеге ажылык сапарына барып парздарын аткарышат. Ошондо бир жылда эле бери жагы Умрадан жана чоң Ажылыктан 30-40 млрд. доллар киреше табышат. Анан кол жоорутуп, бел оорутпай эле жок жерден киреше суудай агып келип жатса, арабдардын унитаздары алтын болбогондо эмне болот? 

Арийне, ажылык бизнеске айланып калды. Динди жайылткандар тарабынан ар кандай конкурс уюштурулуп, Умрага, ажылыкка атайын сертификат ойнотулат. Утуп алгандар, сойкубу, алкашпы бетин чала жууп алып, Мекени бир көрүп келиш үчүн жөнөшөт шаңыраңдашып... 

А чындыгында мурда ажылыкка баруу үчүн ата-бабаларыбыз психологиялык жана руханий жактан толуп, ажыга барам деп ниет кылгандан тарта каражатын эле эмес, жүрүм-турумун, жашоо образын да такыбалыкка багыттап, атайын даярдыктан өтүп анан барышкан. Азыр анын бири жок. Ажы болуптур делген жалган атак, кожо көрсүн болгон текеберлик... 

Айткандай, дагы бир жагдай союз мезгилинде "мен атеистмин" деген сыймык болгон. Союз тарагандан кийин ошол эле "мен атеистмин" дешкендердин кайсы бир бөлүгү атеисттик көз карашта калганы менен "мен атеистмин" деп айткандан тартынып, чоочуркап калышты. Дагы бир "мен атеистмин" дешкендердин басымдуу бөлүгү динге баш уруп, "чала-була" динчил болуп кетишти. Азыраак бөлүгү ажы, молдо, имам, аалым, такыба динчил болуп чыгышты. Кийинчерээк "мен атеистмин" деген адам көпчүлүккө шайтан көрүнүп, Кудайдын, диндин душманы, эл душманы катары жектеген көрүнүш күч алды. Айтор, өзүнчө эле ботко... 

Эми башкасы аз келгенсип, өткөндө бир динкул: "Жума намазга барганда мечиттин садака үкөгүнө 100 сомдон ар кимибиз адатка айландырып алышыбыз керек. Молдо деле чапандын мыктысын, маасынын жылуусун кийип, балдарын жакшыраак кийинтип, бети жылтырап турса, эл анын бетинен бактылуулукту көрүп турса иш оңолбойбу? Молдоң өзөрүп ачка турса, үйүндө балдары кыйналып жатса жакшы болобу, аялынын да шокалад жегиси келет, жума күнү молдонун да үйүндө майрам болсун", - деп жазыптыр. Мына түшүнүк. Молдону, анын үй-бүлөсүн эл багыш керек экен да... Колу-буту соо, ден соолугу чың молдо элге догун артпай, иштеп баксын да бүлөсүн? 

Негизи, элибизде "өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүм бар жерде молдо семирет" деп айтылып жүргөндөй, азыркы кезде молдолор жакшы жашайт көптөрдөн... 

Негизи адам Кудайдын каарынан корккону үчүн гана жаман иштерге барбастан, акыл-эстүү адам болгондугу үчүн, өзүнүн абийири үчүн жаман иштерге барбашы керек. 

Андыктан, аалымдар, имамдар, молдолор бейиш, тозокту эле айта берип, элдин жүрөк үшүн алуу аркылуу караламан массаны ийиктей имерем деп арамданбай, адамдык касиет, нарктуулук, абийир, агартуучулук тууралуу айтыш керек. Мамлекет тарабынан ошондой талап коюлуш милдет. Чаржайыт абал, казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса болгон башаламандыктын түбү жакшы болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости