www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШдагы Республикалык партиянын мүчөлөрү Украинага аскердик жана каржылык жардам берүүнү улантууга каршы. Бул тууралуу «Newsweek» басылмасы жазды.
Конгрессмен Мэтт Гейтстин айтымында, «Украина чарчоонун революциясын көрсөтүүдө». Эми Киевге курал-жарак жана каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотуп, тынчтык келишимине чакыруу керек. Мэтт Гейтс Америка өзү рецессиянын босогосунда турганын, салык төлөөчүлөрдүн акчасы чет элдик жаңжалга жумшалса, абал мындан да начарлай турганын ырастады.
«Президент Джо Байден 2022-жылдын март айындагы сөзүндө Украинаны аскердик техника менен куралдандыруу «Үчүнчү дүйнөлүк согушка» алып келет деген божомолун унутуп калды окшойт», - деп кошумчалады Конгресстин лидери.
Маалымат үчүн, АКШнын Республикалык партиясынын демөөрчүлөрү 10 адам. Алардын көбү согуш башталгандан бери Украинаны каржылоо боюнча президентке ачык эле каршы чыгышкан. Партия лидерлери Масси, Госар жана Розандей 2022-жылдын мартында Украинаны колдоо боюнча кабыл алынган резолюцияга каршы добуш беришти. 19-майда АКШ Сенатындагы 100 сенатордун 51и Украинага 40 миллиард доллардан ашык жаңы аскерий жана гуманитардык жардам бөлүүнү колдоду.
Белгилей кетсек, Джо Байден президенттикке келгенден бери Вашингтондун Киевге жалпы аскердик жардамы 19,3 миллиард доллардан ашкан.
Булак: NazarNews.kg