www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Окуя Кара-Көл ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган жана тиешелүү экспертиза дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Оку боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин негизинде ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу") кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, алар 2002-жылы туулган С.Б., 2004-ж.т. А.Н., 2004-жылы туулган К.Н. жана 2005-жылы туулган А.А. экендиги жана балатыны күйөбү же жокпу деп ойноп от коюп жиберишкени, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости