www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Узап бара жаткан жыл ичинде Россия менен Кытайдын ортосундагы саясий жана стратегиялык ишеним, чоң алака бекемделди. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жыл бою Кытай менен Россия бири-бирин катуу колдоп, саясий жана стратегиялык байланышы чыңдалды", — деген министр Кытайдын дипломатиясына арналган симпозиумда.

Дипломаттын айтымында, Москва менен Пекиндин ортосундагы алака кайсы бир үчүнчү мамлекетке каршы багытталган эмес, өзөгүндө конфрантацияга кошулбоо жана андан баш тартуу принциби турат. "Мындай мамиле бирөөнүн кийлигишүүсүнө муктаж эмес, эл аралык абалдын өзгөрүшүнөн да бузулбайт", — деди Ван И.

Министр эки өлкө ортодогу товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирүү боюнча алгылыктуу иш жасап жатканын белгиледи. Биргелешкен ири инвестициялык долбоорлор иш жүзүнө ийгиликтүү ашып, улуттук валюта менен эсептешүүнүн масштабы кеңейип жатканына токтолгон.

Дипломат быйылкы жылы Хэйхэ — Благовещенск автоунаа көпүрөсү менен Тунцзян – Нижнеленинское темир жол көпүрөсүнүн ачылышы эки өлкөнүн транс чек аралык байланышын да алдыга жылдырганын кошумчалады.

Өз сөзүндө Ван И быйыл, тескерисинче, Кытайдын АКШ менен мамилеси бузулганын белгилеген. Анын айтымында, АКШнын Кытайды башкы атаандаш катары кабыл алышы, ооздуктоого аракет кылып Пекинге каршы чагымчылыкка барышы ортого олуттуу жик түшүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости