www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБдин от казандарын азыркы тапта газга өткөрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Руслан Турганбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди
Анын айтымында, учурда ЖЭБде газ тутандыруу үчүн гана колдонулат.
"Бишкек ЖЭБдин трубасынын бийиктиги 180 метр, ал эми түтүн чыгаруучу трубаныкы 300 метр. Бул бийиктикте шамал жүрүп, түтүндү калаадан айдап чыгат. Ошол эле учурда Бишкек ЖЭБде зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаш үчүн атайын фильтрлер турат. Атайын жабдыктардын жардамы менен түтүн тазаланат. Жакында БУУнун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын борбор калааны каптаган ыш боюнча изилдөөсү чыкты. Ал жерде көрсөткүч нормадан эки-үч эсе жогору аймактар бар экени жазылган. Ошол изилдөөлөрдө калаадагы ышка Бишкек ЖЭБинин таасири дагы каралган. Жыйынтыгында ЖЭБдин үлүшү бир пайызга жетпей турганы аныкталды. Ал эми жеке менчик турак жайлардын үлүшү 70 пайыздан жогору, автоунаалардыкы 25 пайыздын тегерегинде экени белгилүү болгон. Калган беш пайыздай таштанды жаккан жайларга тиешелүү. Буга чейин биз деле муну айтып келгенбиз, бирок бул жолу көз карандысыз уюмдун изилдөөсү ушундай жыйынтык чыгарды. Ал эми Бишкек ЖЭБдин от казандарын газга өткөрүү планы ишке аша элек. Анткени ал үчүн ири көлөмдөгү газ керек. Учурда газ тутандыруу үчүн гана иштетилип, саатына 5 600 куб коротулат. Ал эми толук газга өткөрүү үчүн экономикалык, техникалык жактарын карап чыгуу керек", — деди Турганбаев.
Ошондой эле ал от казандарды газга өткөрүүгө мүмкүндүк жаралса чоң жетишкендик болмоктугун кошумчалады.
Булак: Sputnik.kg