www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгынын (NОАА) климат таануучулары 2023-жылдын апрель айында океандардын бетинин температурасы рекорддук деңгээл болуп эсептелген 21,1 градуска жеткенин билдиришкен. Бул тууралуу The Guardianбасылмасы жазып чыкты.

Буга чейинки рекорд 2016-жылы катталган, анда суунун бетинин температурасы 21 градус болгон.

Белгиленгендей, акыркы үч жылда суунун температурасынын жогорулашы Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө Ла-Нинья сыяктуу көрүнүштөрдү жок кылган. Бул — суунун бетинин муздашы. Анын ордуна Эль-Нинья (тескерисинче, суунун жылышы) келди, бул климатка олуттуу таасирин тийгизет.

"Дүйнөлүк океандын үстүңкү бети барган сайын жылып, ал бара-бара тереңдеп бара жатат. Океандагы температуранын жогорулашы бороон-чапкындын ыктымалдыгын жогорулатып, мөңгүлөрдүн эришине алып келиши мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Андан мурдараак, 5-мартта The Guardian Антарктиданын айланасындагы муздун аянты 1,79 миллион чарчы метрге чейин азайганын жазган. Бул — спутниктик байкоолордун бардык учурундагы эң төмөнкү көрсөткүч болгон.

 

Последние новости