www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоорунун алкагында дыйкандарга 313 миллион 763,6 миң сомдук жеңилдетилген насыя берди. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Аталган каражатты 6-8-10 пайыздык коюм менен 647 айыл чарба товарын өндүрүүчү алган. Бул иштерди аткаруу үчүн министрлик өлкөнүн 10 коммерциялык банкы менен келишим түзгөн.
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылы башталган. Ушул кезге чейин элеттеги 102 051 чарбалык субъектиге 40,77 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилгени айтылат.
Булак: NazarNews.kg