www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өкмөттүк эмес уюм гейлерди колдогон мыйзам долбоорун өткөрүү үчүн көп акча алган", - деди бүгүн, 13-мартта NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Мен 5-чакырылыштын депутаты болуп жүргөндө. Жогорку Кеңешке азыркы айтылып, колдоп жатышкан гейлерди колдогон атайын мыйзам долбоору келген. Бирок мен жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары абдан каршы чыгып, бул мыйзам долбоорду колдобой койгонбуз. Ал мыйзам долбоору өтпөй калган. Бул боюнча митинг ар кандай иш-чаралар азыркы күнгө чейин уланып келет. Себеби, бул мыйзам долбоорун өткөрүп берүү үчүн бир өкмөттүк эмес уюм чет өлкөдөн аябай көп суммадагы каражат алган экен. Кийин мен Америкага барганда сенаттан айтышты “сиз бул долбоорду өткөрүүгө каршы болуптурсуз, сиздин атыңыз аталды” дешти. Мен айттым “бул мыйзам долбоору кыргыздын менталитетине, үрп-адатына жана каада-салтына туура келбеген жат көрүнүш. Бизде ата-балаларыбыз калтырган нарктуулук бар” дедим. Тилекке каршы ошол бей өкмөт же фонд бүгүнкү күнгө чейин тынчыбай  жүрүшөт. Ошол чоң акчаны иштетип коюшту да. Ошол каражаттын отчетун бере албай жүрүшөт. Керек болсо, мага дагы каршы чыгып келишет. “Сен өткөрбөй койгонсуң керек болсо Курманжан Датка энебиздин сүрөтүн чыгарабыз” дегендей митингдерге Курманжан Датканын эстелигинин алдына, анын сүрөтүн көтөрүп чыгып алышат. Курманжан Датка баардык кыргыз элинин энеси, ал мага эле эмес кыргыз элине каршы чыгып жатышат. Мен аларга айтып койоюн, мындай мыйзам долбоорго каршымын. Ошол фонддун жетекчисине айтам, кыргыздын үрп-адатын, тарыхын жана намысын тебелеп, сатпасаңыз дейт элем. Андыктан улуттун баалуулугуна каршы чыкпаңыз”, - дейт Жолдошова.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости