www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдагы Октябрь окуясына байланыштуу соттук отурумда Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков жана башкалар айыпталуучулар катары суралышууда.

Сапар Исаков качып кеткен. Өмүрбек Бабанов болсо тымпыйып, кылмыш ишин «Сүрмө топтон» бөлдүрүп кеткени кандай? Элдин баары билет да, 9-октябр да «Форумдан» Атамбаевди жандап Бабанов негизги фигура катары барган да.

Булардын максаты - Садыр Жапаровду бийликтен кулатуу беле? Эми жоопкерчиликке келгенде Өмүрбек Токтогулович коëндой буйтап кетип, жазага тартылбай жатканына коомчулук таң калууда.

Калыстык үчүн баары бирдей суралышы керек. Ортодон алалап, капчыктууну калкалаган жарабас! Дал ушундай кытмыр оюндун себепчиси катары Бабанов бийликтин бетине чиркөө болуп, көлөкө түшүргөнү өкүнүчтүү. Жандырмагын чечмелеп деп бербейсиңерби?

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости