www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Туйгун мырза, досторуңуз Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков боюнча эки ооз сөзүңүздү уксак кантет? Кырдаалга жараша...

-- Жакын досуң чоң кызматка жеткенде назик болуп каларын турмуш көрсөттү. Ошондуктан калыс пикириңди “бетке чаап” айтпай, ылайыктап сүйлөш керек тура. Мен муну жаштарга сабак катары айтып жатам. Биз болсо өзгөрө турган курактан өтүп кеттик.

Негизи, Алмазбек да, Сооронбай дагы жакшы адамдар, 1995-жылдан бери билем. Кемчиликтери деле бар дечи... Бирок тарыхты деле карасаңар, президенттердин тегерегине көбүнчө бузуку, кошоматчы адамдар топтолуп алышат экен. Алар эки досту эле эмес, эки бир тууганды, жадагалса ата менен баланы да чабыштырышат.  

-- Бул досторуңуз бийликке келгенде сизди кызматтан четтетип салганына күбө болгонбуз. Бирок кенендик кылып, кектеген жоксуз. Учурда Атамбаевдин абакта жатканына кандай дейсиз?

-- Ой-пикирин ачык айткан адамдар тез эле четтеп калат экен... Менимче, Садырдын келечеги оор болот окшойт. Президент айкөл болушу керек. Алмазбек Атамбаевди дарыланууга жиберип койсо болмок. Ал чыгарбаса, түрмөдөн эртеби-кечпи эл өзү деле чыгарып алат.

-- Кумтөр тууралуу түрдүү пикирлер коомчулукка тарап атат. Сиз да азыноолак үн кошуп койсоңуз?

-- Дагы алдандык... Кыскача салыштырып айтсам, Москва менен Нью-Йорктун байлары биздин “Кумтөр” деген жаш кунаажыныбызды алган. 20 жылдан ашык саап ичишти, бизге күнүгө 1 литрден сүт берип, музоосун алышты. Анан “Кумтөр” уюбуз арыктап, карыганда “эми кыргыздар, өзүңөр саап иче бергиле” деп 20дан ашык уй-торпокторубузду айдап кете беришти...

Менин билишимче, “Центерра” түзүлгөндө Кумтөрдөн башка активи жок болчу. Кумтөрдөн түшкөн акчага “Центерра” төрт фабрика салды. Биринчиси Монголияда (учурда алтын чыгып жатат). Экинчиси Түркияда (жакында иштеп, алтын өндүрө баштайт). Дагы эки кымбат баалуу молибден чыгарган фабрика, бирөө Америкада, экинчиси Канадада болуш керек. Ошондо биз төрт фабрикадан ажырадык. Мунун баары кийин такталат. Менин оюмча, бул маселени Аскар Акаев келип, “чечип” кетти окшойт.

-- “Партия түзөм” деп демилге көтөрүп атканыңызды угуп калабыз...

-- Сүйлөшүүлөр болууда. Азыр бир кыргызга “кор заман”. Чет өлкөдө балдарын сагынып, 2-сорттогу адам болуп иштеп жүрүшөт. Бир кыргызга “тар заман”. Чиновниктерди эле жамандайсыңар, алар, врачтар деле, мугалимдер да эптеп айлыктан айлыкка жашап жатышат. Бир кыргызга “зар заман”. Жапжаш жигиттерибиз “саясый туткун” болсо, кай бирлери жаштык кылып жаңылып, кылмыш кылып зарлап түрмөдө отурушат.

Биздин партиянын максаты – “Баарыбызга бар заман”! Өз ара тытышканды токтотуп, алдыга жылуу!

Редакциядан:

Соңку убакта Туйгунаалы Абдраимовго жергиликтүү лидерлер, жаштар байма-бай жолугушуп, келечекке карай пландарды талкуулап келишет. Жаз, күздө саясый кырдаалдын кандай таризде өнүгүшүнө саресеп салышып, ынтымакты сактоого, биригүүгө басым жасашкандай. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, жигердүү жаштар Туйгун байкени лидер катары көтөрүшүп, партия түзүү менен бекем саясый күч катары кадам таштаганы калышыптыр. Орозо айы бүткөндөн кийин кыймылга киришет экен...

Булак: Азия News гезити

 

 

Последние новости