www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан туура 5 жыл мурун болгон 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо, Кыргызстан үчүн тарыхтагы эң курч саясий окуялардын бирине айланып, бийликтин алмашканына түрткү болду. Шайлоодогу акыйкатсыздыктан тутанган нааразычылыктын айынан ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Өлкөдө саясий кризис күч алып, Садыр Жапаров бийликке келди. Ал окуядан бери беш жыл өттү. Бул аралыкта өлкөдө кандай өзгөрүүлөр орун алды деген суроолор учурда ар башка өңүттө талкууланып жатат.
Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен алгач Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу орноду. Башкаруу системасынын өзгөрүшү менен парламенттин ролу азайып, ыйгарым укуктары кыскарды. Күчтүн баары президентке топтолуп, Садыр Жапаров өлкөдөгү негизги саясий фигурага айланды.
Ошону менен бирге эле баштапкы мезгилдеги тереңдеп кеткен саясий кризисти токтотууга, саясий туруктуулукту камсыз кылууга көп күч жумшалды. Өлкөнүн экономикалык абалын туруктуу кармоо үчүн бир топ аракеттер жасалды. Мында негизги көңүл – инвестицияларды тартууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана айыл чарба тармагын көтөрүүгө бурулду. Ошондой эле, энергетика секторун жаңылоо аракети көрүлүүдө. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы катаал күрөш жүргүзүлдү.
Садыр Жапаровдун беш жылдык башкаруусу Кыргызстан үчүн өтө чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал саясий туруктуулукту камсыздоо, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү жана тышкы саясатта стратегиялык өнөктөштөр менен мамилени бекемдөө боюнча бир топ аракеттерди жасады. Бирок, “күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп коёт” дегендей, тынымсыз өсүп жаткан инфляция экономикалык өсүштү жеп коюп жатат.
Арийне, жол салууга, ипотекалык үйлөрдү, чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө маани берилип, үзгүлтүксүз иштер жүрүп жатканына эл күбө. Бул жагдай экономикалык өсүштөн кабар бергендей туюлганы менен, кымбатчылык күчөп баратат.