www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айында Бишкек жана Манас шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жайгашкан турак жай комплекстериндеги 4 миңден ашуун батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания жергиликтүү басылмаларга билдирди.

МИКтин маалыматына караганда, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, октябрь айында төмөнкү объектилерди пайдаланууга берүү каралган:

  • Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндө — 1104 батир, Бегматов көчөсүндө — 105 батир;
  • Манас шаарындагы Малашев көчөсүндө — 600 батир, Садыров көчөсүндө — 1065 батир;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында — 312 батир;
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүндө — 500 батир;
  • Нарын шаарындагы Молдоев көчөсүндө — 216 батир;
  • Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында — 217 батир.

Жалпысынан аталган объектилерде 4119 батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Учурда республика боюнча 83 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат. Ал эми 2026-жылдын аягына чейин 20 миң батирди пайдаланууга берүү пландалган.

МИКтин маалыматына ылайык, курулуштарды белгиленген мөөнөттө бүткөрүү жана пландаштырылган көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштер улантылууда.

Последние новости