www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында И. Арабаев атындагы университетте тегерек стол болуп өттү. Анда Кыргыз-Кытай мамилесине басым жасалып, учурда коомдо айрым күчтөрдүн түртмөлөөсү менен биздин өлкөдөгү кытай жарандарына каршы маанайды жаратып жаткан аракеттерге көңүл бурулду. Тегерек столго аталган окуу жайынын ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов, философиялык илимдердин кандидаты, профессор, Коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова, саясый серепчи Бакыт Бакетаев, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов, КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, КР ТИМдин өкүлдөрү жана башка адисттер, журналисттер катышты.
Кыргызстанда ири өлкө Кытайга карата кызыгуу тил үйрөнүү менен гана чектелип калды. Бул ири өлкөнүн эми маданияты, экономикасы жана саясаты боюнча эки өлкө ортосунда соода-сатык менен алектенген ишкерлердин айтып келгендери менен гана маалымат алабыз. Өлкөнүн прогрессивдүү өнүгүүсүндө мындай жеке таасирден алынган маалыматтар жетишсиздик кылаары талашсыз.
Бул тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы КМУда өткөн тегерек столо айтылды. Ага аталган окуу жайдын ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов, философиялык илимдердин кандидаты, профессор, Коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова, саясый серепчи Бакыт Бакетаев, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов, КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, КР ТИМдин өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдо негизинен кыргыз коомчулугундагы кытай жарандарына карата терс көз караштын пайда болуу себептери жана деги эле ири коңшу өлкөнүн Кыргызстанга тийгизген таасири талкууланды.
Эске салсак, ушул жылдын январь айынын аягында Бишкекте Акүй алдында кытай экспансиясына каршы митинг болуп өткөн. Митингчилер өлкөдө иштеген кытай жарандарынын арбып баратканына тынчсызданышкан. Аны менен катар массалык маалымат каражаттарында Кытайдын Кыргызстанга берген карызы көз карандуулуктун биринчи этабы катары караган макалалар да жарыяланган. Андагы айтылгандарга таянсак, Кытай дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди өзүнө көз каранды кылуунун саясатын жүргүзүүдө. Жаратылыш ресурстарын карамагына алып, экологияга зыяндуу өндүрүштөрдү ишке киргизүүгө кызыкдар. Ушундай саясаты менен калкынын жыш жайгашкан маселесин чечүү аракет кылууда.
Бирок, аны менен катар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу экенин белгилегендер да жок эмес. Алардын пикиринде, кызматташуунун динамикасы өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын коргоодо көзөмөлгө алынат. Демек, мында корко турган эч нерсе жок.
Талаш жараткан маселе боюнча тегерек столдун катышуучулары пикирлерин төмөнкүдөй билдиришти.
-Эл аралык мамилелер «жука материя». Анткен менен Кытай жөнүндө так маалымат албай туруп биз мамлекеттен тез арада кескин кадамдарга барууну талап кылып жатабыз. Мындай аяр маселеде шашылуу жарабайт.
Клара Ажибекова, Коммунисттер партиясынын лидери
-Коммунисттик идеология менен капиталисттик идеологиянын айырмачылыгы бир топ. Либералдык батыш көптөгөн жетишкендиктерине жеке менчиктерди коомдун эксплатацияланган катмарынан коргоо зарылчылдыгына басым жасоо менен жетишкен.
Бакыт Бакетаев, саясий серепчи
- Президент Сооронбай Жээнбековдун “Эгер бардык маселелер митинг аркылуу чечилсе, мен дагы митингге чыгат элем”, - деп айтканы бар. ММКларда Кытайдын дарегине учурда айтылып жаткан толтура айыптоолор айтылып жатат. Мындай көрүнүш тарыхта биринчи жолу болуп жаткан жок. 1970-1980-жылдары АКШ, Япония жана башка бир катар батыш өлкөлөрү да ушундай айыптоолордун толкунунда калган. Аларды да экспансияга, “карыз кулчулугун” киргизүүгө, дүйнөлүк капитализмге, доллардын бийлигин орнотууга, коомдук адатка айланган көрүнүштөрдү бузганга жана башка толгон-токой терс таасирлерге күнөөлөшкөн.
Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
-Бизге дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыздын негизинде достук мамиле түзүү зарыл. Аны менен катар салтыбызды карманып, тарыхыбызды бек тутушубуз зарыл. Ар кайсы өлкөнүн, ар кайсы топтордун жетектөөсүндөгү саясий суфлерлердин көрсөтмөлөрүн аткарбашыбыз керек. Өлкө учурда кытай укугун, экономикасын, энергетикасын, каржы саясатын билген адистерге абдан муктаж. Жаштарды ушул жаатта билим алууга басым жасаса болот. Мисалы, Кытайдын мамлекеттик кызматтары менен тыгыз кызматташкан Экономика жана Каржы министрлигинде, кредиттик макулдашуу жана экономикалык долбоорлор менен иштешкен ишканаларда Кытай экономикасы жана каржысы боюнча бир дагы адис жок. мындай адистер бир гана аталган министрликтерге эмес, тоо-кен тармагы боюнча улуттук ишканаларга да керек.
Катышуучулардын айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилесинин жаралуу тарыхына 27 жыл гана болгону менен эки улуттун кызматташтыгы миңдеген жылдар мурун эле башталган. Бул жааттагы маалыматтар орус, араб, персид жана кытай булактарында бар. Кыргыз-кытай элинин ортосунда соода-сатык кызматташтыгы байыркы замандан өөрчүгөн.
Булак: "Ачык саясат"